# 11-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын мөөнөтүндө колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-11

---

1. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт анда же ушул актыны колдонууга киргизүүнүн тартибин аныктоочу башка актыда көрсөтүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт өзүнүн колдонулушун төмөнкүлөргө байланыштуу токтотот:

1) анын колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө;

2) ошол эле маселе боюнча бирдей же жогорку юридикалык күчкө ээ болгон башка актынын күчүнө киришине;

3) бирдей же андан жогорку юридикалык күчкө ээ болгон акт менен бул актынын жокко чыгарылышына (күчүн жоготту деп танууга).

3. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

4. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге ушул актыда түздөн-түз каралган учурларда гана жайылтылат.

5. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзам же башка ченемдик укуктук акт колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерде көрсөтүлгөн мыйзам же акт аны колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-12)
