# 109-берене. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөргө эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 109-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-109

---

1. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү ишке эки эседен кем эмес акы төлөнөт:

1) баалап иштегендерге - жасалган иштин эки эсе баасынан кем эмес;

2) эмгек акысы күндүк жана сааттык ставкалар боюнча төлөнүүчү кызматкерлерге - күндүк же сааттык эки эсе ставкадан кем эмес;

3) айлык маяна алган кызматкерлерге - эгерде дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндөгү иш жумуш убактысынын бир айлык ченеминин чегинде жүргүзүлсө, айлык маянадан ашык бир күндүк же сааттык ставкадан кем эмес өлчөмүндө, эгерде иш айлык ченемден ашыкча жүргүзүлсө, айлык маянадан ашык эки сааттык же күндүк ставкадан кем эмес өлчөмдө.

2. Дем алыш же жумуш эмес майрам күнү иштеген кызматкердин каалоосу боюнча ага башка дем алыш күн берилиши мүмкүн. Мындай учурда дем алыш же жумуш эмес майрам күндөгү ишине бир эсе өлчөмдө акы төлөнөт, ал эми дем алыш күнгө акы төлөнбөйт.

3. Кинематография уюмдарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортчулардын дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү эмгек акысын төлөө Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык эмгек келишимине, жамааттык келишимге же уюмдун ченемдик актысынын негизинде аныкталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-110)
