# 106-берене. Токтоп турган убакытка эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 106-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-106

---

1. Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча токтоп турган убакытка кызматкердин орточо эмгек акысынын үчтөн экисинен кем эмес өлчөмдө акы төлөнөт.

2. Иш берүүчүгө жана кызматкерге көз каранды болбогон себептер боюнча токтоп турган убакытка тарифтик ставканын (маянанын) үчтөн экисинен кем эмес өлчөмдө акы төлөнөт.

3. Кызматкердин күнөөсү моюнга алынган же сот тарабынан белгиленген учурда анын күнөөсү боюнча токтоп турган убакытка төлөнбөйт.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-107)
