# 101-берене. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырууда жана убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарууда эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 101-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-101

---

1. Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишими менен шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистик, квалификация боюнча же кызмат ордунда негизги ишинен бошотулбастан кошумча иш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөнөт.

2. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрү иш берүүчү тарабынан кызматкер менен макулдашуу боюнча аныкталат, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (маянанын) отуз пайызынан төмөн болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-102)
