# 100-берене. Ченемдүү иштен четтеген шарттарда иштерди аткарууда эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 100-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-100

---

Ченемдүү иштен четтеген эмгек шарттарында иштерди аткарууда (ар түрдүү квалификациядагы иштерди аткарууда, кесиптерди айкалыштырууда, жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынын чегинен сырткары иштегенде, түнкү убакта, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштегенде, талаа шартында иштегенде, кыдырма жана кыймылдуу мүнөздөгү жумуштарда иштегенде жана башкалар) кызматкерге жамааттык келишимде, эмгек келишиминде каралган тийиштүү кошумча акылар төлөнөт. Кошумча акылардын өлчөмү ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден төмөн болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-101)
