# 10-берене. Мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-10

---

1. Мажбурлап иштетүүгө, башкача айтканда, кандайдыр бир зомбулук таасирди колдонууга коркутуу менен жумушту аткарууга мажбурлоого тыюу салынат, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:

1) аскердик милдет жана аскердик кызмат же аны алмаштыруучу альтернативдик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен шартталган иштерди аткаруу;

2) өзгөчө кырдаалдардын шарттарында, тактап айтканда, өзгөчө же согуштук абал, кырсык же кырсык коркунучу (өрт, суу ташкыны, ачарчылык, жер титирөө, катуу эпидемия же эпизоотия) жарыяланган учурларда, ошондой эле бүткүл калктын же анын бир бөлүгүнүн өмүрүнө же ченемдүү жашоо шарттарына коркунуч туудурган башка учурларда жумушту аткаруу;

3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнөн улам сот өкүмдөрүн аткарууда мыйзамдарды сактоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө жумушту аткаруу.

2. Балдар эмгегинин эң начар формаларын пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-11)
