# Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28 "Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28 "Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106/ХIV-28
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37473/edition/25225/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28 "Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусу жөнүндө" токтому (30.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021015

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28

Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусу жөнүндө

Ысык-Ата райондук мамлекеттик адаминистрациясынын башчысы. А Осмоновдун каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-июнундагы №46 сандуу “Сырткы жайлардагы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, Кыргыз Республикасынын 2017-жылы 10-февраль айында чыгарылган №24 сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, ошондой эле Ысык-Ата районунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу жана жараандардын коопсуздугун камсыздоо, жасалган кылмыштардын бетин ачуу жана болтурбоо боюнча айылдын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңеши карап, талкуулап чыгып, токтом кылат:

1. 2023-жылдын эркин калдыгынан каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Ж.Бейшекеев
