# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5468/edition/25219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021009/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-2

---

“Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.”;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 141–146-статьялар менен толукталсын:

“141-статья. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп Эмгек кодексине, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюштуруу документтерине жана локалдуу ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүүдө же өзгөртүүдө, аларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын иш берүүчүлөрдүн тиешелүү бирикмелери көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-1)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-142)
