# 146-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5468/edition/25219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021009/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 146-статья (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-146

---

Өндүрүштүк иштен бошотулбаган кызматкерлердин өкүлдөрүнө коомдук милдеттерди аткаруу үчүн макулдашууларда, жамааттык келишимде каралган шарттарда иштен бош убакыт берилет. Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын шайлануучу кызмат орундарына шайлоонун натыйжасында өндүрүштүк иштен бошотулган кызматкерлерге алардын шайлануучу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин ошол эле уюмда мурдагы иши (кызмат орду), ал эми ал жок болгон учурда ага тете башка иши (кызмат орду) берилет.”;

3) 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби Келишимдин предмети жана аларды түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашуулардын төмөнкүдөй өз ара байланышы белгиленет, мында түзүү мөөнөттөрү боюнча башкы макулдашуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө карата жалпы принциптерди жана мамилелерди аныктоочу катары алдыда болууга тийиш, калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган аралыкта түзүлүшү мүмкүн. Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууларды иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларга кошулуу тартиби комиссиялардын чечимдери менен бекитилет. Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, макулдашуу тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, анын аткарылышын контролдоо тартиби жана жаңы макулдашууну түзүү мөөнөттөрү макулдашуудагы тараптар тарабынан аныкталат. Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды жактыруу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуунун тараптарынын бири жайгашкан жери боюнча жергиликтүү аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.”;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 221-статья менен толукталсын:

“221-статья. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелерин кароону тандоодо эркин болушат. Уюмда эки же андан ашык баштапкы кесиптик бирликтин уюмдары же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы болгон учурда, алар тарабынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдин бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу жана аны түзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлөт. Бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү кесиптик бирликтин жана башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрүнүн санына жараша пропорционалдуу өкүлчүлүк принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат. Мында кызматкерлердин ар бир өкүлчүлүктүү органы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде жамааттык сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 5 календардык күндүн ичинде бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлбөсө, анда бардык кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү уюмдун кызматкерлеринин жарымынан көбүн бириктирген кызматкерлердин баштапкы өкүлчүлүктүү органы жүзөгө ашыра алат. Эгерде уюмдун кызматкерлеринин баштапкы өкүлчүлүктүү органдарынын бири да кызматкерлердин жарымынан көбүн бириктирбесе, анда кызматкерлердин жалпы чогулушу (конференциясы) жашыруун добуш берүү менен өкүлчүлүктүү органды түзүү тапшырылган уюмдун баштапкы өкүлчүлүктүү органын аныктайт. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда башка баштапкы кесиптик бирликтин уюмдарында жамааттык келишимге кол коюлганга чейин өкүлчүлүктүү органдын курамына өз өкүлдөрүн жиберүү укугу сакталат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, республиканын, тармактын, аймактын деңгээлинде кызматкерлердин атынан макулдашууларга кол коюуга тиешелүү кесиптик бирликтерге (кесиптик бирликтин бирикмелерине) укук берилет. Тиешелүү деңгээлдеги бир нече кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) бар болгон учурда, алардын ар бирине кесиптик бирликтин сунушталган мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен түзүлүүчү бирдиктүү өкүлчүлүктүү органдын курамына өкүлчүлүк кылуу укугу берилет. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү жөнүндө макулдашуу жок болгон учурда, аларды жүргүзүү укугу кесиптик бирликтин (кесиптик бирликтердин) мүчөлөрүнүн эң көп санын бириктирген кесиптик бирликке (кесиптик бирликтердин бирикмесине) берилет. Тараптар жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен, өздөрүндөгү зарыл болгон маалыматтарды бири-бирине берүүгө тийиш. Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан башка адамдар, эгерде алар мыйзам менен корголуучу жашыруун сырга (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка) тиешелүү болсо, алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик, административдик, жарандык-укуктук, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү, орду жана тартиби көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп саналган тараптардын өкүлдөрү тарабынан аныкталат. Жамааттык келишимди, макулдашууну түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”.

---

Мурунку берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-145)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-3)
