# 145-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5468/edition/25219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021009/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 145-статья (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-145

---

Иш берүүчү ушул Мыйзамга, башка мыйзамдарга, жамааттык келишимге, макулдашууларга ылайык аларга берилген укуктарды жүзөгө ашырууда кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу төмөнкүдөй шарттарды түзүүгө милдеттүү:

1) кызматкерлердин кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин мыйзамдарда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган учурларда кызматкерлердин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүүгө;

2) кызматкерлердин өкүлдөрүнүн сунуштарын өз убагында кароого жана аларга кабыл алынган чечимдер жөнүндө негиздемеси менен билдирүүгө;

3) эмгек маселелери, башка социалдык-экономикалык маселелер боюнча зарыл маалыматтарды кызматкерлердин өкүлдөрүнө акысыз берүүгө;

4) ушул Мыйзамда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган башка милдеттерди кызматкерлердин өкүлдөрүнө карата аткарууга.

---

Мурунку берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-144)  
Кийинки берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-146)
