# 144-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5468/edition/25219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021009/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 144-статья (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-144

---

Кызматкерлердин өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иш берүүчү менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;

2) макулдашууларда жана жамааттык келишимде каралган учурларда уюмдун социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө катышууга;

3) эмгек мыйзамдарында каралган учурларда уюмдун локалдуу ченемдик актыларын иштеп чыгууга катышууга;

4) уюмда эмгек мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырууга;

5) жумуш орундарына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз барууга, коомдук контролду жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчүдөн зарыл маалыматтарды алууга;

6) жамааттык эмгек талаш-тартыштарында кызматкерлердин өкүлү катарында чыгууга;

7) жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарда кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле сотто доогер катары чыгууга;

8) уюмдун жетекчисинин жана ал ыйгарым укук берген адамдардын чечимдери, эгерде алар эмгек мыйзамдарына каршы келсе сотко даттанууга;

9) мыйзамдарда каралган тартипте иш таштоону жарыялоого.

Кызматкерлердин өкүлдөрү ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга, уставдарга жана жоболорго ылайык башка укуктарга да ээ.

---

Мурунку берене: [143-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-143)  
Кийинки берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009/st-145)
