Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
144-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы
Кызматкерлердин өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш берүүчү менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;
2) макулдашууларда жана жамааттык келишимде каралган учурларда уюмдун социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө катышууга;
3) эмгек мыйзамдарында каралган учурларда уюмдун локалдуу ченемдик актыларын иштеп чыгууга катышууга;
4) уюмда эмгек мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырууга;
5) жумуш орундарына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз барууга, коомдук контролду жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчүдөн зарыл маалыматтарды алууга;
6) жамааттык эмгек талаш-тартыштарында кызматкерлердин өкүлү катарында чыгууга;
7) жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарда кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле сотто доогер катары чыгууга;
8) уюмдун жетекчисинин жана ал ыйгарым укук берген адамдардын чечимдери, эгерде алар эмгек мыйзамдарына каршы келсе сотко даттанууга;
9) мыйзамдарда каралган тартипте иш таштоону жарыялоого.
Кызматкерлердин өкүлдөрү ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга, уставдарга жана жоболорго ылайык башка укуктарга да ээ.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021009/st-144" title="144-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>