# Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 93/ХIV-28 "Штаттык бирдиктер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 93/ХIV-28 "Штаттык бирдиктер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93/ХIV-28
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37451/edition/25202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 93/ХIV-28 "Штаттык бирдиктер жөнүндө" токтому (30.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020989

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

2023-жылдын 30-январындагы № 93/ХIV-28

Штаттык бирдиктер жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун 2023-жылдын 26-январындагы №03-13/40 “Штаттык бирдиктер жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, 2011-жылдын 5-августундагы №451 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №541 “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана 2021-жылдын 06-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Ысык-Ата айылдык кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмү боюнча 2(эки) штат (Алмалуу айылынын айыл башчысы жана Горная Серафимовка айылынын айыл башчысы) кыскартылсын.

2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ЖКУ бөлүмү боюнча 1(бир) штаттык бирдиктери кыскарсын. Кассир -1 (бир) бирдиги кыскартылсын жана короо тазалоо кызматы кароолчу кызматына өзгөртүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Ж.Бейшекеев
