# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 21 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 21 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5467/edition/25166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 21 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020947

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 21-январы № 21

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020947/st-1)

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, аскерге чакырылганга чейинки курактагы жаштарды аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо;";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:

"181-статья. Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо алар тарабынан өрттөн куткаруу иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылууга жана өрттөн куткаруу ишине даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталууга тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020947/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 12-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
