Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 21
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, аскерге чакырылганга чейинки курактагы жаштарды аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:
"181-статья. Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо алар тарабынан өрттөн куткаруу иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылууга жана өрттөн куткаруу ишине даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталууга тийиш.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 12-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36