# Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 25 "Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 25 "Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1688/edition/25158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 25 "Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020915

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2025-жылдын 20-ноябры № 25

Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыймылдын коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылуу, темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөрдүн коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Тиркемеге ылайык “Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуунун эрежелери” бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы ушул буйрукту аткарууга алсын.

3. Министрликтин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин дарегине жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Министр

А.Т. Сыргабаев
