Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 20-ноябры № 25
Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыймылдын коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылуу, темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөрдүн коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык “Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуунун эрежелери” бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы ушул буйрукту аткарууга алсын.
3. Министрликтин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин дарегине жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Министр
А.Т. Сыргабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241