Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматкерлерине майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-январы № 15
2025-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматкерлерине майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө
Пенсионерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу ишине кошкон олуттуу салымын таанып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматкерлерине майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 9300 сом өлчөмүндө;
2) Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ар айлык компенсациялык төлөмдөр төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
- пенсияларынын өлчөмдөрү 9300 сомдон ашкан адамдарга - 2400 сом;
- пенсияларынын өлчөмдөрү 9300 сомго жетпеген адамдарга - 9300 сом менен алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталуучу, бирок 2400 сомдон кем эмес өлчөмдө.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык пенсияларды төлөө үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул токтомго ылайык белгиленген тартипте пенсияларды кайра эсептөөнү, төлөөнү жүргүзсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194