# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37386/edition/25122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020893

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-январы № 12

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагына "Кемин-Сити" турак жай комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 11-октябрындагы № 01-12/1051 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 402 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 353,3 га жер участогу, анын ичинен: 278,28 га - бактар, 39,9 га - жайыттар, 2,6 га - токой тилкелери, 6,32 га - каналдар жана коллекторлор, 2,6 га - жолдор, 0,3 га - курулуш алдындагылар, 23,3 га - башка жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына "Кемин-Сити" турак жай комплексин куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;

3) Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

4) жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү менен жер участогунун менчик ээлерине/жер пайдалануучуга карата Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аны алып коюуну караган чараларды көрүүнү;

5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
