# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37378/edition/25117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020887

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2025-жылдын 17-январы № 22 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартибин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Эсепке ырастоочу документтер катары өкүлчүлүктүн (уюмдун) башчысынын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүлөрдү камтыган көчүрмөлөр тиркелет:

1) расмий пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:

- товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө келишим же акт;

- эсеп-фактура;

- төлөм тапшырмасы;

2) жеке пайдалануу үчүн товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүдө:

- эсеп-фактура жана/же КНС төлөөчүнүн аталышы жана ИСНи, товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын белүп көрсөтүү менен наркы чагылдырылган товардык чеги менен контролдук-кассалык чек. Контролдук-кассалык чекте товардын аталышы, саны жана КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен наркы жок болгон учурда товардык чек берилет;

- "D", "С" жана "Т" категорияларындагы аккредитациялык карточкалар.".

2. Бул токтом расмий жapыяланган күндөн тapтып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
