# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020860>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230020860/edition/25095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020860.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020860

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-январы № 5

Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү боюнча талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ысык-Көл - Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;

4) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Нарын - Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;

5) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кара-Дарыя - Сыр-Дарыя - Аму-Дарыя" суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

1) белгиленген тартипте юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына каралган штаттык сандын жана республикалык бюджеттин финансылык каражаттарынын чегинде суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарынын иштешин камсыз кылсын;

3) бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
