# 8-берене. Диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 8-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүзөгө ашырууга укуктуу субъекттер (мындан ары - диний иш субъекттери) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) диний уюм;

2) диний окуу жайы;

3) диний насаатчы;

4) миссия;

5) миссионер;

6) диний кайрымдуулук фонду.

2. Диний иш субъекттери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып диний ишти жүзөгө ашырууга укук алат.

3. Ушул Мыйзамга ылайык дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоосуз (кайра каттоосуз) Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүзөгө ашырууга жол берилбейт жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

4. Диний иш субъекттерин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-9)
