# 6-берене. Билим берүү жана дин

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 6-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ар кандай түрлөрүнө жана деңгээлдерине жеткиликтүүлүк адамдарга алардын динге болгон мамилесине карабастан берилет.

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарында диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.

3. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы өзүнүн уставына ылайык жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин кызматчыларын жана ага зарыл болгон диний персоналды даярдоо үчүн өз каражаттарынан каржылануучу диний окуу жайларын түзүүгө, күтүүгө укуктуу.

Диний окуу жайы билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кирбейт.

4. Диний билим берүү кесиптик атайын диний (руханий) билим берүү жана жашы жеткен жана жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар формасында жүзөгө ашырылат.

Атайын диний (руханий) билим берүү диний окуу жайлары тарабынан уюштуруучу (уюштуруучулар) бекиткен, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде ишке ашырылат. Жашы жеткендер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар диний окуу жайынын уюштуруучусу (уюштуруучулары), диний уюмдардын борбордук башкаруу органы жана диний уюмдардын тиешелүү органдары тарабынан бекитилген, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде диний окуу жайлары, ошондой эле диний уюмдар тарабынан да ишке ашырылат. Жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар билим берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, кошумча билим берүү программалары боюнча окуудан тышкаркы убакта ишке ашырылат.

5. Жарандар жогорку жана орто диний окуу жайларына Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык милдеттүү билим алгандан кийин кабыл алынат.

Жалпы билим берүү сабактарынын минималдуу комплексин диний окуу жайларынын билим берүү программаларына киргизүү милдеттүү болуп саналат жана билим берүү жаатындагы жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.

6. Диний окуу жайларында диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен ырасталган атайын орто жана жогорку диний (руханий) билимге ээ болууга жана өз ишин алар турган диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырууга тийиш.

7. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде жекече тартипте жана диний окуу жайынан тышкары диний сабактарды окутууга тыюу салынат. Ушул бөлүктө каралган талаптарды бузууга күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын билим берүү программаларына жалпы билим берүүчү мүнөздөгү дин таануу сабактары киргизилиши мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу.

Кабыл алуучу диний окуу жайын эсепке алууну, ал жөнүндө маалымдоону жүзөгө ашыруу максатында чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Диний билим алуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыкканда жарандар барган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык (консулдук) өкүлчүлүгүндө консулдук каттоого турат. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар жөнүндө маалымдайт. Дин иштери боюнча, билим берүү жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн сунушталган чет өлкөлүк диний окуу жайлары жөнүндө маалымат базасын биргелешип түзөт, аны түзүү тартиби аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен тескемеси менен аныкталат.

9. Диний окуу жайларында диний билим берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-7)
