# 37-берене. Жазуу жүзүндөгү эскертүү, ишин токтотуу

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 37-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-37

---

1. Диний иш субъекттери ушул Мыйзамдын талаптарын бузган же болбосо алардын уставына (жобосуна) карама-каршы келген ишти, анын ичинде диний багыттагы объекттерде жүргүзгөн учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларга 30 күнгө чейин аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө эскертүү жиберет.

2. Эгерде бузуулар ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жоюлбаса, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттеринин, алардын диний багыттагы объекттеринин ишин 90 күндүк мөөнөткө токтотот. Бул чечим мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Эгерде бузуулар ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген токтотуп туруу мөөнөтүнүн ичинде жоюлбаса, же болбосо бир календардык жылдын ичинде кайталанса, анда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү бар диний иш субъекттерине карата диний уюмду, диний окуу жайын, диний кайрымдуулук фондун жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат жана соттун чечиминин негизинде Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет;

2) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жок диний уюмдарга, миссияларга, миссионерлерге жана диний насаатчыларга карата алардын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралуу Мамлекеттик реестрге алардын ишин токтотуу жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет.

4. Диний иш субъекттери экстремисттик жана террористтик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу экстремисттик ишке жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жана негиздер боюнча жоюлат, алардын иши токтотулат жана тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-38)
