# 31-берене. Диний иш субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү диний ырым-жырымдар жана чогулуштар

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 31-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-31

---

1. Коомдо салт катары тамырлап кеткен учурларды кошпогондо, диний иш субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү диний ырым-жырымдар жана чогулуштар диний багыттагы объекттерде - зыярат жайларында, көрүстөндөрдө тоскоолдуксуз өткөрүлөт.

Диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний иш субъекттери алар үчүн алгылыктуу жерлерди, анын ичинде тигил же бул динде ыйык деп эсептелген зыярат жайларын күтүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка (ажылыкка, умрага) баруусун уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштурууну контролдоо дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

3. Ыйык жерлерге зыяратка (ажылыкка, умрага) барууну уюштуруу тартиби дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Диний иш субъекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды, ошондой эле башка диний массалык иш-чараларды бул максаттарга арналбаган жерлерде өткөрүүгө укуктуу.

Диний иш субъекттери тарабынан аталган диний иш-чараларды өткөрүү жөнүндө уруксат иш-чараны өткөрүү башталганга чейин 10 жумуш күн мурда иш-чаранын ордун, датасын жана иш-чаранын кыскача сыпаттамасын (программасын) көрсөтүү менен жиберилет.

5. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда диний ырым-жырымдар, чогулуштар жана иш-чаралар алардагы адамдардын өтүнүчү боюнча администрация тарабынан ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда өткөрүлөт.

Аталган мекемелердин администрациясы диний ишмерди чакырууга көмөк көрсөтөт, диний ырым-жырымды, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүүнүн убактысын жана башка шарттарын аныктоого катышат. Диний ишмерлерди чакыруу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө нике жана үй-бүлө жөнүндө жана жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу мыйзамдардын талаптарын сактоо менен жол берилет.

Жашы жете элек адамдар менен нике кыюу диний ырым-жырымын өткөргөн диний ишмерлер жана башка адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

7. Дин тутуусуна ылайык адамды көмүү тартиби сөөктү жайга коюу иши жана сөөк коюу кызматтары жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-32)
