# 28-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын кайрымдуулук жана маданий-агартуу иштери

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 28-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-28

---

1. Диний иш субъекттери социалдык, кайрымдуулук жана маданий-агартуу иштерин социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзө апат.

2. Диний иш субъекттери адамдын жалпы кабыл алынган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоону жоюу, анын ичинде эрте жана зомбулук менен никеге турууну азайтуу, Кыргызстан элинин руханий жана маданий мурастарын илгерилетүү боюнча иш-чараларга катыша алат, дин, тарых жана маданият чөйрөсүндө агартуу иштерин жүргүзө алат.

3. Кайрымдуулук иши диний окууларды же диний ынанымдарды жайылтууга өбөлгө түзүүгө тийиш эмес.

4. Мамлекет диний уюмдардын жана миссиялардын кайрымдуулук иштерине, ошондой эле алардын коомдук маанилүү маданий-агартуу программаларын жана иш-чараларын ишке ашыруусуна көмөк жана колдоо көрсөтө алат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-29)
