# 27-берене. Диний иш субъекттеринин өндүрүштүк-чарбалык иши

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 27-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-27

---

1. Диний иш субъекттери жарандык мыйзамдарга ылайык чарбалык субъекттерди уюштурууга укуктуу.

2. Диний иш субъекттери өзүнүн уставдык максаттарына жетүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш менен алектенүүгө укуктуу.

3. Диний иш субъекттеринин өндүрүштүк ишинен түшкөн пайдасына жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.

4. Келип түшкөн финансылык каражаттар, кайрымдуулуктар, гуманитардык жардамдар жана башка мүлктөр диний иш субъекттеринин бухгалтердик документтеринде милдеттүү тартипте эсепке алынат.

5. Диний иш субъекттеринин финансылык-бухгалтердик отчеттуулугу бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

6. Диний иш субъекттеринин финансылык-чарбалык ишин контролдоо алардын уставына, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-28)
