# 25-берене. Диний иш субъекттеринин менчиги

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 25-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-25

---

1. Диний иш субъекттеринин менчигинде диний багыттагы объекттер жана предметтер, өндүрүштүк, социалдык жана кайрымдуулук багытындагы объекттер, алардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары жана башка мүлк болушу мүмкүн.

2. Диний иш субъекттери өз каражаттарынын эсебинен сатып алган же түзгөн, жарандар, коомдук уюмдар тарабынан кайрымдуулукка берилген (мураска калтырылган), ага тете жарандык мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча сатып алынган мүлккө менчик укугуна ээ.

3. Диний иш субъекттери ыктыярдуу финансылык жана башка кайрымдуулук үчүн кайрылууга жана аларды алууга укуктуу.

4. Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү жер участокторуна диний багыттагы объекттерди куруу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-26)
