# 24-берене. Диний иш субъекттеринин ишин токтотуу

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 24-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-24

---

1. Диний иш субъекттеринин иши төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ыктыярдуу тартипте алардын уюштуруучуларынын же алардын уставы менен ыйгарым укук берилген органдын чечими боюнча;

2) Конституциянын, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдерин бир нече жолу бузган же болбосо алар уставдык максаттарына карама-каршы келген ишти дайыма жүргүзгөн учурда соттун чечими боюнча мажбурлоо тартибинде.

2. Диний иш субъекттеринин ишин соттун чечими боюнча мажбурлоо тартибинде токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) үй-бүлөнүн кулашына алып келген, үй-бүлөнү бузууга мажбурлоо;

2) жарандардын инсандыгына, укуктарына жана эркиндиктерине кол салуу;

3) мыйзамдарга ылайык белгиленген зыянды, анын ичинде алардын диний ишине байланыштуу баңги жана психотроптук каражаттарды, гипнозду пайдалануу менен келтирүү, бузукулук жана башка укукка каршы аракеттерди жасоо;

4) өзүн-өзү өлтүрүүгө же өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу абалдагы адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн диний жүйөлөр боюнча баш тартууга көндүрүү;

5) милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу;

6) диний уюмдун мүчөлөрүн жана жолдоочуларын жана башка адамдарды өздөрүнө таандык мүлктү диний уюмдун пайдасына ээлик кылуудан ажыратууга мажбурлоо;

7) эгерде реалдуу аткарылуу коркунучу болсо, жарандын диний уюмдан чыгуусуна жарандын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүү же күч колдонуу, башка укукка каршы аракеттерди колдонуу коркунучу менен бөгөт коюу;

8) жарандарды мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы аракеттерди жасоого үндөө.

3. Диний иш субъекттеринин укукка жөндөмдүүлүгүн ыктыярдуу тартипте токтотуу жана алардын мүлкүн тескөө алардын уставына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин ишин токтотуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин токтотуу жөнүндө чечим чыгарылган жана Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып аяктады деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-25)
