# 23-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 23-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-23

---

1. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоодон (кайра каттоодон) төмөнкүдөй учурда баш тартат:

1) диний иш субъектин, диний багыттагы объектти түзүүнүн, каттоонун, кайра каттоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби бузулганда;

2) Диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин мамлекеттик реестринде ушундай эле аталышта катталган (кайра катталган) диний иш субъекти, диний багыттагы объекттер болгондо;

3) мамлекеттик дин таануу экспертизасынын терс корутундусу болгондо;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экстремисттик ишке каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестиги жөнүндө терс корутундусу болгондо;

5) эгерде диний иш субъектинин уюштуруучусу (мүчөсү) жана (же) жетекчиси болуп саналган жеке адам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса, дайынсыз жок болсо, өлдү деп жарыяланса;

6) эгерде диний иш субъектинин уюштуруучусу (мүчөсү) жана (же) жетекчиси болуп саналган жеке адамдын жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо;

7) инсандыгын ырастоочу жоголгон жана (же) жараксыз болгон документтерди бергенде;

8) соттун диний иш субъектин жоюу же Кыргыз Республикасынын аймагында диний иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө чечими болгондо.

2. Эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө берилет.

3. Диний иш субъекти эсептик каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-24)
