# 22-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 22-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-22

---

1. Берилген документтерди ушул Мыйзамдын талаптарына алардын ылайык келишин кароонун натыйжалары боюнча жана эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө кабыл алынган чечимдин негизинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний иш субъекттерин жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берет.

2. Күбөлүк диний уюмдун субъекттерин, диний багыттагы обьекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) фактысын ырастаган документ болуп саналат. Күбөлүктүн формасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Күбөлүк жоголгон же бузулган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептик каттоого документ берүүгө ыйгарым укуктуу арыз ээсинин кайрылуусунун негизинде 3 жумуш күндүн ичинде күбөлүктүн "дубликат" деген белги коюлган дубликатын берет.

4. Эсептик каттоодо (кайра каттоодо) жана күбөлүктүн дубликатын берүүдө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм алынат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-23)
