# 21-берене. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 21-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-21

---

1. Диний иш субъекттерин, диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо (кайра каттоо) маалыматтардын аныктыгын жана алардын ушул Мыйзамга ылайык келишин текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Эсептик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтер кагаз түрүндө, мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Чет тилде түзүлгөн документтер нотариалдык жактан ырасталган мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу менен берилет. Берилген чет өлкөнүн расмий документтери апостилдештирүү же консулдук легалдаштыруу жолу менен легалдаштырылышы керек.

3. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды суроого же арыз ээсинин документтерин тиешелүү мамлекеттик органдарга алардын корутундуларын алуу үчүн жөнөтүүгө укуктуу.

Диний мүнөздөгү талаш-тартыш маселелер болгон учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттерди тартуу менен мамлекеттик дин таануу экспертизасын дайындайт жана арыз ээсинин документтерин көрсөтүлгөн экспертизага жөнөтөт. Мындай учурларда арызды жана ага тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө узартылат.

4. Ушул Мыйзамда белгиленген документтер берилбеген же берилген документтер ылайык келбеген, берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же болбосо ушул Мыйзамдын талаптарына дал келбестиктер табылган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кетирилген бузууларды көрсөтүү менен аларды арыз ээсине кайтарат.

Бузуулар жоюлгандан кийин арыз ээси зарыл болгон документтерди тиркөө менен кайрадан арыз берүүгө укуктуу. Арыз ээси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызды жана ага тиркелген документтерди кайтаруу жөнүндө чечимине административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

5. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөн диний иш субъекттеринин, диний багыттагы объекттердин документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.

6. Жеке мүнөздөгү маалыматты талаптагыдай сактоо жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-22)
