# 19-берене. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 19-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-19

---

Диний иш субъекттери дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү:

1) фамилиясын, атын, атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен мүчөлөрдүн курамын;

2) жаңы уюштуруучунун аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен уюштуруучуну;

3) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);

4) жетекчи органдын курамын, фамилиясын, атын, атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен жетекчини;

5) байланыш маалыматтары (телефон номерин, электрондук дареги).

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-20)
