# 18-берене. Диний иш субъекттерин эсептик кайра каттоо

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 18-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-18

---

1. Диний иш субъекттери төмөнкүдөй учурларда эсептик кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү:

1) кайра уюштурулганда;

2) аталышы өзгөргөндө;

3) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө;

4) уставды жаңы редакцияда бекитүүдө;

5) диний уюмдун башкаруу органы кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алганда;

6) сот диний уюмдун субъектин мажбурлап кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алганда;

7) эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө белгиленген мөөнөт өткөндө.

2. Диний уюм ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн негиздердин жок дегенде бирөөсү болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде эсептик кайра каттоодон өтүү үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга зарыл болгон документтерди берүүгө милдеттүү.

3. Эсептик кайра каттоо ушул берененин жоболорун эске алуу менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан диний иш субъекттерин каттоого алгандай эле тартипте жана мөөнөттө гана жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-19)
