# 16-берене. Диний кайрымдуулук фонддорун эсептик каттоо

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 16-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-16

---

1. Диний кайрымдуулук фонддорун каттоого алуу үчүн арыз ээлери төмөнкү адамдар боло алат:

1) уюштуруу чогулушунда ыйгарым укук берилген диний кайрымдуулук фондунун уюштуруучусу;

2) диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси;

3) ишеним каттын негизинде иштөөчү башка жак.

2. Арыз ээси түзүлүп жаткан диний кайрымдуулук фондунун аталышын алдын ала текшерүү өтүнүчү менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

3. Диний кайрымдуулук фондун эсептик каттоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:

1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсептик каттоо жөнүндө арыз ээси кол койгон арыз;

2) чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон бир нускадагы уюштуруу чогулушунун протоколу;

3) диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси кол койгон жана көктөлгөн диний кайрымдуулук фондунун уставы;

4) түзүлүп жаткан диний кайрымдуулук фондунун ошол аймакта жайгашкан жерин ырастоочу документ (өзүнүн жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими);

5) диний кайрымдуулук фонду жайгашкан, шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн имараттын, курулманын шайкештигин баалоо актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же жайдын техникалык паспорту.

4. Диний кайрымдуулук фондунун жайгашкан жери болуп анын эсептик каттоосу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн жер эсептелет.

5. Диний ишти туруктуу жүзөгө ашыруучу жер катары турак жайды пайдаланууга, ошондой эле турак жайдын дарегин диний кайрымдуулук фондунун жайгашкан дареги катары көрсөтүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-17)
