# 11-берене. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 11-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-11

---

1. Диний уюмдардын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн бир динди туткан диний уюмдар бир борбордук башкаруу органын (мындан ары - борбордук башкаруу органы) түзүүгө укуктуу.

Тиешелүү динди туткан диний уюмдар борбордук башкаруу органын түзүү үчүн уюштуруу чогулушун чакырат, ал башкаруунун жетектөөчү жана башка органдарын түзөт. Борбордук башкаруу органынын тышкы байланыштары, анын ичинде чет өлкөлүк диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык диний иш-чараларга катышуу, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардан каржы алуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Борбордук башкаруу органынын аталышы диний таандыктыгына карата көрсөтмөнү, анын ишинин негизги предметин жана "дин башкармалыгы" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын борбордук башкаруу органы болуп саналат.

3. Борбордук башкаруу органдары төмөнкү функцияларды аткарат:

1) конкреттүү калктуу конуштагы конфессияга ишенгендердин иш жүзүндөгү муктаждыктарынын жана сандык курамынын негизинде диний окуу жайларын жана диний багыттагы объекттерди курууну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат. Аталган объекттерди макулдашуусуз курууга тыюу салынат жана эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат;

2) диний окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жана окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгат;

3) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний насаатчынын сүйлөп чыгуусуна уруксат берүү жана диний маселелер боюнча ЖМКга жана Интернет тармагына маалымат жарыялоо жөнүндө өтүнүч киргизет;

4) дин кызматкерлеринин, динге ишенгендердин сырткы келбети, маркумдун сөөгүн коюу жана жашыруу, эстелик тургузуу ж.б. жөнүндө динге ишенгендер үчүн корутунду берет;

5) диний жөрөлгөлөрдүн шарттары тууралуу чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат;

6) диний окуу жайларынын жана башка диний объекттердин жетекчилерин дайындайт. Борбордук башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган дайындоо жөнүндө чечимдер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-12)
