Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы · 2-глава
1. Диний уюмдардын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн бир динди туткан диний уюмдар бир борбордук башкаруу органын (мындан ары - борбордук башкаруу органы) түзүүгө укуктуу.
Тиешелүү динди туткан диний уюмдар борбордук башкаруу органын түзүү үчүн уюштуруу чогулушун чакырат, ал башкаруунун жетектөөчү жана башка органдарын түзөт. Борбордук башкаруу органынын тышкы байланыштары, анын ичинде чет өлкөлүк диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык диний иш-чараларга катышуу, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардан каржы алуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Борбордук башкаруу органынын аталышы диний таандыктыгына карата көрсөтмөнү, анын ишинин негизги предметин жана "дин башкармалыгы" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын борбордук башкаруу органы болуп саналат.
3. Борбордук башкаруу органдары төмөнкү функцияларды аткарат:
1) конкреттүү калктуу конуштагы конфессияга ишенгендердин иш жүзүндөгү муктаждыктарынын жана сандык курамынын негизинде диний окуу жайларын жана диний багыттагы объекттерди курууну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат. Аталган объекттерди макулдашуусуз курууга тыюу салынат жана эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат;
2) диний окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жана окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгат;
3) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний насаатчынын сүйлөп чыгуусуна уруксат берүү жана диний маселелер боюнча ЖМКга жана Интернет тармагына маалымат жарыялоо жөнүндө өтүнүч киргизет;
4) дин кызматкерлеринин, динге ишенгендердин сырткы келбети, маркумдун сөөгүн коюу жана жашыруу, эстелик тургузуу ж.б. жөнүндө динге ишенгендер үчүн корутунду берет;
5) диний жөрөлгөлөрдүн шарттары тууралуу чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат;
6) диний окуу жайларынын жана башка диний объекттердин жетекчилерин дайындайт. Борбордук башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган дайындоо жөнүндө чечимдер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020843/st-11" title="11-берене - Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>