# 10-берене. Диний уюмдун уставы жана ички актылары

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 18 "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5465/edition/25082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020843/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө, 10-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-10

---

1. Диний уюм уставдын негизинде иш алып барат.

2. Диний уюмдун уставы ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

3. Уставда төмөнкүлөр камтылат:

1) диний уюмдун аталышы жана түрү;

2) диний таандыктыгы, иштин предмети, максаттары, милдеттери жана негизги формалары;

3) жайгашкан жери, ошондой эле диний уюм өз ишин анын чектеринде жүзөгө ашыруучу аймак;

4) уюмдун түзүмү, анын башкаруу органдары, башкаруу органдарын түзүү тартиби, башкаруу органдарынын компетенциялары, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;

5) диний уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

6) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;

7) диний уюмдун акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн пайда болуу булактары;

8) диний уюмдун иши токтотулган учурда акча каражаттарын жана башка мүлкүн тескөө тартиби;

9) кайра уюштуруу жана ишин тоюшуу тартиби.

4. Диний уюмдун уставы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн, диний уюмдун иш өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген маселелерди аныктайт.

5. Диний уюмдун ички актылары диний уюмдун иш өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жана жарандык мыйзамдарга жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн маселелерди аныктайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843/st-11)
