# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана конгресс-холлдун имаратын куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана конгресс-холлдун имаратын куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37333/edition/25060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана конгресс-холлдун имаратын куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому (10.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020831

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-январы № 4

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана конгресс-холлдун имаратын куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

Мамлекеттик органдардын иштөөсүн жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 77 "Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин куруу жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 347 "Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик административдик имараттардын бирдиктүү комплексин жана конгресс-холлдун имаратын (мындан ары - административдик имараттар) долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) административдик имараттарды долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну колдонуу менен долбоорлоону жана курууну;

2) административдик имараттарды курууга долбоордук-сметалык документтерди белгиленген талаптарга ылайык иштеп чыгууну.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы берген сметалык документтерге ылайык административдик имараттардын курулушун каржылоо үчүн акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:

1) административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат документтерин алууга;

2) курулушу бүткөрүлгөн объекттерди экспертизадан өткөрүүгө жана эксплуатациялоого кабыл алууга.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыянды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
