# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230020830)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020830/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5464/edition/25056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020830/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020830/st-1

---

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 16-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жүргүзүлөт. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана бөлүм башчысы жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же бөлүм башчысынын аткарбоосу аларды 10 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020830/st-2)
