# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 "Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 "Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37326/edition/25066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 "Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020825

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-январы № 14

Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленсин:

1) илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом өлчөмүндө;

2) илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн - 1350 сом өлчөмүндө.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) эгерде кызматкер бир эле убакта илимдин кандидаты, илимдин доктору жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражаларына ээ болсо, үстөк даражалардын бири үчүн гана эсептелет, ошол эле учурда илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн төлөнөт деп;

2) үстөк бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептик уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт деп.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому .

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
