# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5463/edition/25032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020817.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" Мыйзамы (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020817

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 20-январы № 16

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Малкалды айылы деп кайра аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Параканда айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Баракелде айылы деп кайра аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-3)

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Баялы Исакеев айылы деп кайра аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-4)

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Шадыкан айылы деп кайра аталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-5)

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Айтматов айылы деп кайра аталсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-6)

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз Олуя айылы деп кайра аталсын.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-7)

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жаныбек Баатыр айылы деп кайра аталсын.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-8)

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Сыйдалы айылы деп кайра аталсын.

### [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-9)

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Ак-Суу айылы деп кайра аталсын.

### [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020817/st-10)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 5-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
