Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Малкалды айылы деп кайра аталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Параканда айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айыл аймагынын Баракелде айылы деп кайра аталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Баялы Исакеев айылы деп кайра аталсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Шадыкан айылы деп кайра аталсын.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Айтматов айылы деп кайра аталсын.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз Олуя айылы деп кайра аталсын.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жаныбек Баатыр айылы деп кайра аталсын.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Сыйдалы айылы деп кайра аталсын.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Ак-Суу айылы деп кайра аталсын.
10-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 5-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы № 2598-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 05.12.2024 · № 2598-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы № 2605-VII "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл…Постановление · 05.12.2024 · № 2605-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-декабры № 2604-VII "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын…Постановление · 05.12.2024 · № 2604-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2535-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 20.11.2024 · № 2535-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2553-VII "«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл…Постановление · 20.11.2024 · № 2553-VII
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндөЗакон · 21.01.2025