Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 857-т тескемесине)
2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасынын туруктуу инклюзивдүү өнүктүрүүгө карай жолу саясий, экономикалык жана социалдык чакырыктар менен коштолууда. Экономиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле пандемия, геосаясий аныксыздык жана чек арадагы куралдуу чыр-чатактар сыяктуу факторлор дагы олуттуу таасирин тийгизүүдө. Бизнес жана адам укуктары темасы Кыргыз Республикасы үчүн жаңы болуп саналат, бирок ал дүйнөдө өзгөчө акыркы 15 жылда динамикалуу өнүгүүдө. Бизнестин түзүмү, бизнестин бири-бири менен, мамлекет, кызматкерлер менен өз ара мамилелери өзгөрүүдө. Эл аралык коомчулук, инвесторлор жана жарандык коом тарабынан бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө карата талаптар өсүп жатат. Барган сайын көптөгөн дүйнөлүк компаниялар өзүнүн ички саясатына адам укуктарына тиешелүү болгон компоненттерди киргизип, алар алган милдеттенмелерди сактоо жана адам укуктары жана Эл аралык эмгекти уюштуруу стандарттары чөйрөсүндөгү эл аралык таанылган стандарттарды ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу ачык билдирүүдө. Кыргыз Республикасы глобалдык процесстердин активдүү катышуучусу катары адам укуктарынын, анын ичинде адам укуктары аспектинде ишкердик иш жаатында дүйнөлүк тенденциялардан четте кала албайт.
1-глава. Негизги өбөлгөлөр
Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптеринин мааниси 2011-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин бир добуштан кабыл алган, ал бул маселеде глобалдык кадыр-барктуу негиз болуп калды. Бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү глобалдык тренддер XX кылымдын 70-жылдарынын ортосунан тартып дүйнөлүк коомчулук жана глобалдык коомчулук менен бизнес жана адам укуктары темасын талкуулоодон башталган. 2011-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин (мындан ары - БУУнун Жетектөөчү принциптери, БУУнун ЖП) кабыл алуусу ушул теманын сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуусунда бурулуш окуя болуп калды жана алардын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири жана активдүү жайылуусуна өбөлгө түздү. БУУнун ЖПсынын түпкү максаты - мамлекет, адамдар жана рыноктордун ортосундагы дисбалансты жоюу, ошондой эле экономикалык күчтөр менен адамдарга болгон сый-урматтын ортосундагы ажырымды көбүрөөк коркунучта тургандардын керектөөлөрүн эске алуу менен кыскартуу жана акырында жеңүү. БУУнун Жетектөөчү принциптери аларды даярдоо процессине катышкан кызыкдар тараптардын көп жана ар түрдүү санынын жана БУУда алган консенсустук жактыруунун натыйжасында маанилүү ченемдик алкак катары эл аралык аренада чыңдалды. Мамлекеттерге да, ишканаларга да даректелген бул принциптер мамлекет адам укуктарын колдоого, коргоого жана урматтоого тийиш болгондой эле, ишканалар да коомдун башка мүчөлөрү сыяктуу эле аларды сактоого милдеттүү экендигин ырастайт. Ошондуктан мамлекет адам укуктарын талаптагыдай сакталышына көмөктөшүү үчүн ченемдик жана саясий күч-аракеттерди көрүүгө тийиш, ошол эле учурда ишканалар көз карандысыз аракеттенүү менен коргоодогу мүмкүн болгон кемчиликтер бар болгон учурда дагы адам укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. БУУнун Жетектөөчү принциптери мамлекеттер үчүн да, ишканалар үчүн да жаңы милдеттенмелерди белгилебейт. Бирок алар адам укуктары чөйрөсүндөгү колдонуудагы стандарттарга кыйла так аныктама берет, мамлекет жана ишкана ушул контекстте көтөрүлүүчү жоопкерчиликти тактайт. Адам укуктары боюнча кеңеш 2014-жылы мамлекеттерди Бизнес жана адам укуктарынын маселелери боюнча иш-аракеттер планын кабыл алууга чакырган резолюцияны кабыл алган. БУУнун Жетектөөчү принциптери менен сунушталган алкактар төмөнкүлөргө негизделген: ишканалар адам укуктарын урматтоого тийиш. Мындай милдеттенме адам укуктарын коргоочу улуттук мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды сактоо милдеттенмесинен тышкары орун алат. Ошентип, адам укугу - бул ишканалар тарабынан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу стандарттар. БУУнун Жетектөөчү принциптери ишканаларга адам укуктарына байланышкан талаптагыдай этияттык механизмдерин колдонууну сунуштайт. Бул алкактарда жамааттарга көмөктөшүү же өнүктүрүү үчүн ишканалар тарабынан көрүлүүчү башка бардык иш-аракеттер колдоого алынат, бирок бул алардын адам укуктарын сактоо милдеттерине карата экинчи орунда болуп саналат. Белгилей кетсек, БУУнун Жетектөөчү принциптери кабыл алынган учурдан тартып кеңири жайылтылды жана жооптуу корпоративдик жүрүм-турумду илгерилетүүгө багытталган бир катар ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Глобалдык келишимге, көп улуттуу ишканалар үчүн Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) Жетектөөчү принциптерине, Эл аралык эмгек уюмунун (мындан ары - ЭЭУ) Үч тараптуу билдирүүсүнө, көп улуттуу ишканалар жана социалдык саясатка тиешелүү болгон ЭЭУнун принциптеринин Үч тараптуу декларациясына, ЮНИСЕФтин "Балдардын бизнес укугу", "Балдарды сактагыла" принциптерине киргизилди. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) "2021-жылы адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" баяндамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ишкердик иш жана адам укуктары жаатында иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунуштамасы киргизилген. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамасын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча ушул сунуштама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 307-VII токтому менен кабыл алынган.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо
1. I компонент - мамлекеттин адам укуктарын коргоо милдети
Мамлекет өзүнүн аймагында жана өзүнүн юрисдикциясынын астында адам укуктарын бузулуулардан коргоону камсыздоо үчүн жооптуу негизги субъект болуп саналат. БУУнун Жетектөөчү принциптеринин бул компоненти бул милдети так аныктайт жана мамлекет кантип өзүнүн негизги ыйгарым укуктарына жараша башка субъекттер, анын ичинде ишканалар менен адам укуктарын сактоосу үчүн талаптагыдай контекст түзүүгө тийиш экендигин сыпаттайт. Жогоруда баяндалгандарга ылайык БУУнун Жетектөөчү принциптери төмөнкү конкреттүү төрт тармакты баса белгилейт:
1) мамлекеттик саясатты жөнгө салуу, колдоо жана дем берүү жаатындагы мамлекеттин ролу;
2) мамлекеттин жана коммерциялык ишканалардын ортосундагы байланыш, б.а. мамлекет корпоративдик ролду аткарган учурлар;
3) карама-каршылыктарга дуушар болгон аймактар;
4) мамлекеттин корпоративдик жана экономикалык ишке байланышкан бардык тармактардагы адам укуктарын коргоо милдетин билдирүүчү саясий келишкендик.
2. II компонент - компаниялардын адам укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стратегиялык жана программалык документтерди талдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бизнеске өз ишинде БУУнун Жетектөөчү принциптерин имплементациялоонун зарылдыгы жөнүндө айкын белги бере турган жоболор жок экендигин көрсөттү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында адам укуктары маселелеринде бизнестин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандырууга көмөктөшүү боюнча макулдашылган мамилени киргизүү үчүн ченемдик негиз, тиешелүү ченемдик жоболор же болбосо БУУнун Жетектөөчү принциптерин жана аларда камтылган ишкердик ишти жүргүзүүгө карата мамилени бизнес тарабынан имплементациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан методикалык сунуштар (түшүндүрмөлөр), ошондой эле адам укуктары аспектисинде бизнес жана мамлекеттик органдар үчүн ишкердик иштин саясатын, методикалык колдонмолорду иштеп чыгууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жок. Бизнестин адам укуктары чөйрөсү жөнүндө, адам укуктарын сактабагандык жана бузууларга жол бербөө, болтурбоо, зыянды минималдаштыруу жана компенсациялык чараларды көрүү боюнча өз убагында чараларды көрбөгөндүгүнө байланыштуу кандай тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн экендиги жөнүндө билиминин жетишсиз деңгээли иш жүзүндө бизнес Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоо жетиштүү деп эсептейт жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга өзүнчө көңүл бөлбөйт. Бул кырдаал Кыргыз Республикасынын бизнесинин адам укуктары чөйрөсүндөгү маалыматынын төмөндүгү менен шартталган. Ишкердик иш субъекттери адам укуктарын сактоого, атап айтканда, адам укуктарын бузуудан качууга, жүргүзүлүп жаткан ишкердиктин адам укуктарына тийгизген таасирине көз салууга, алар көрсөткөн терс таасирлердин кесепеттерин жоюуга тийиш. Мамлекет бул үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларды, методикалык сунуштамаларды кабыл алуу, түшүндүрүүчү кампанияларды жүргүзүү, окутуучу иш-чараларды жана башка уюштуруу чараларын өткөрүү аркылуу керектүү шарттарды түзүшү керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү төмөнкүлөрдү аныктаган жок:
- ишкердик иш субъекттерин адам укуктарын урматтоо боюнча саясий милдеттенмелерди алууга жана адам укуктары боюнча саясатты ачык жарыялоого милдеттендирген же сунуштаган ченемдик жазма буйруктар/талаптар;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана башка контролдоодогу ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик колдоо алган ишканалардын укук коргоо ишин колдоо боюнча атайын чаралар кабыл алынган учурлар;
- мамлекеттик менчикте же мамлекеттин контролунда турган ишканалардын же мамлекеттик органдардан олуттуу колдоо алуучу ишканалардын адам укуктары жаатында талаптагыдай этияттык чараларын көрүүсү боюнча ченемдик буйруктар;
- корпорациялардын адам укуктары боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарышынын жана отчет беришинин зарылдыгы.
Ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү ишкердик субъекттин адам укуктарына карата жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун көрсөтүүсүнөн көз каранды эмес. Мамлекеттик ишканаларды башкарууну жөнгө салуу мындай субъекттердин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун камсыз кылуу механизмдерин камтыбайт. Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин курамына талапкерлерге коюлуучу талаптар, ошондой эле алардын ишин баалоонун механизмдери аларга коомдун адам укуктарын сактоо боюнча саясатты сактоосу, коомду өнүктүрүү стратегиясында жана башка операциялык документтерде тийиштүү текшерүү маселелерин чагылдыруу, даттанууларды кароонун натыйжалуу механизмин түзүү үчүн жоопкерчиликти жүктөөнү караштырбайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мамлекет менен ишканалардын ортосундагы макулдашууларга адам укуктары жөнүндө эскертүүлөрдүн киргизилишин камсыз кылуучу жоболорду камтыбайт. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө келишимдер, инвестициялык макулдашуулар, концессиялык келишимдер кызмат көрсөтүүдө ишканалар адам укуктарын сыйлайт жана адам укуктары жаатындагы стандарттарды сактайт деген мамлекеттин күтүүлөрүн чагылдырбайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кабыл алуучу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүдө катталган же мамлекеттин юрисдикциясында турган ишканаларды жоопкерчилик менен келишим түзүү принциптерин сактоого милдеттендирген ченемдер жок.
3. III компонент - бизнес тарабынан укуктары бузулган учурда жабыркаган адамдарды укуктук коргоо каражаттарынын жеткиликтүүлүгү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын III компонент боюнча БУУнун Жетектөөчү принциптерине ылайык келишин талдоо өлкөдө жарандардын ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги жана эмгек укуктарынын бузулушу үчүн ишканалардын жоопкерчилигин белгилеген, зыяндын ордун толтурууга жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө милдеттендирген мыйзамдар иштей тургандыгын көрсөттү. Бирок колдонуудагы ченемдер ишканаларды адам укуктарынын бузулушун болтурбоого, алдын алуучу коргоо чараларын көрүүгө жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга түрткү бербейт. Мында ишкердик иш менен байланышкан адам укуктарына жагымсыз таасир мамлекеттик каржылоого жеткиликтүүлүктү чектебейт. Коомчулукка бизнес тарабынан адам укуктарына жагымсыз таасирлер жасалгандыгы үчүн зыяндын ордун толтурууну камсыздоочу мыйзамдар, саясат жана ченемдик укуктук актылардын бар экендиги тууралуу түшүнүгүн жана маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн мамлекет тарабынан кандайдыр бир аракеттер көрүлбөйт. Мамлекетте ишкердик ишке байланышкан адам укуктарына тийгизилген жагымсыз таасирлер үчүн кечирим суроону колдоо механизми түзүлгөн эмес. Сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдар туруксуз бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленуму тарабынан иштелип чыккан толук жана так бирдей соттук практиканы калыптандыруу жолу менен сот системасынын институттук негизин бекемдөө зарыл. Кыргыз Республикасында бузулган укуктарды коргоонун негизги формасы болуп соттук коргоо саналат. Бул ыкма соттун чечимин аткаруунун милдеттүүлүгүнө жана аны аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинин болушуна байланыштуу кыйла таасирдүү. Ар кандай кызыкдар жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз. Коомдун бардык мүчөлөрү, анын ичинде жергиликтүү элдер, мигранттар, аялдар жана балдар арыздана алышат жана аларга жалпы калк сыяктуу эле укуктук коргоо берилиши керек. Бул бөлүктө мыйзамдык чектөөлөр аныкталган жок. Сот органдарына кайрылууда бардык жарандардын мыйзамдык теңчилигине, Мыйзамда каралган учурларда акысыз сот адилеттиги жөнүндө конституциялык ченемдин болушуна, ошондой эле жетиштүү каражаттар жок болгон учурда мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу, кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө карабастан, калктын аялуу топтору сот адилеттигине жетүүдө практикалык чектөөлөргө (экономикалык, социалдык, физикалык) дуушар болушууда. Ушуга байланыштуу мамлекет маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү, соттордун имараттарын тиешелүү инфраструктура менен жабдуу, судьяларды, адвокаттарды, прокурорлорду калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүнө окутуу, соттук чыгымдарды/мамлекеттик алымдарды төлөөдө жеңилдиктерди берүү аркылуу калктын аялуу катмарынын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча күч-аракеттерди көрүшү керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленуму сот адилеттигин жүзөгө ашыруу процессинде БУУнун Жетектөөчү принциптерин колдонууга тиешелүү ченемдик жазуу жүзүндөгү буйруктарды, көрсөтмөлөрдү же чечимдерди чыгарган эмес. Сотторду, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин адам укуктары жана ишкердик иш контекстинде окутуу боюнча ченемдик жазма буйруктар табылган жок. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу пландары иштерди кароонун процессуалдык аспекттерине өзгөчө көңүл бурулуп, ошол эле учурда адам укуктары толук каралбагандыгын күбөлөндүрөт. Медиация чыр-чатактарды чечүүнүн ыкмасы катары коомдук жашоонун өзгөчө тармагы болуп калды. Топтолгон маалыматтарды талдоо "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен башка мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктар, жетиштүү өнүкпөгөн ортомчу уюмдар жана медиаторлордун жетишсиз даярдыгы, алардын жетишсиз саны жана мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн так эмес юридикалык жоопкерчилик түрүндөгү проблемаларды аныктады. Жетишсиз пропаганда коомчулуктун медиация жол-жобосу жөнүндө жетишсиз маалымдуулугуна алып келди. Эмгек талаш-тартыштары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия же сот тарабынан чечилет. Кодексте мындай талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары бейтарап соттор каралган эмес. Бирок ошол эле учурда Кодексте эмгек келишимине арбитраждык эскертүүнү киргизүүгө тикелей тыюу салуу жок. Мааниси боюнча аксакалдар соту квалификациялуу юристтер жок жана калктын укуктук маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелген алыскы айылдарда элдик омбудсмендердин ролун аткарса болот. Буга байланыштуу айыл жериндеги анча маанилүү эмес талаш-тартыштар ага туугандар жана тилектеш адамдар кийлигишкен олуттуу чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн, өз убагында чечилбегендиктен мындай талаш-тартыштар күчөшү жана олуттуу кесепеттерге алып келүү менен уруулар ортосундагы узак мөөнөттүү касташууга чейин жетиши мүмкүн. Кыргызстанда ЭКӨУ улуттук байланыш борборлору сыяктуу бизнести жүргүзүүгө жооптуунун стандарттарын илгерилетүүгө түрткү берген платформанын жок экендигин да белгилей кетүү керек. Мындай түзүмдөр ишканалардын жана кызыкдар тараптардын БУУнун жетектөөчү принциптерин ишке киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүсүнө жана практикада келип чыгышы мүмкүн болгон маселелерди чечүүсүнө жардам бермек. Жалпысынан бардык мамлекеттик соттук эмес механизмдердин деңгээлинде бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү билимдин жетишсиздиги байкалууда. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөнүн так жол-жобосун камтыйт, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) мыйзам тарабынан кепилденген кеңири ыйгарым укуктары бар. Тилекке каршы практикада Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ишине ар түрдүү органдар тарабынан тоскоолдук кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын этибар албоо фактылары бар. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугун айрым мамлекеттик органдардын анын сунуштамаларына ылайык аракеттенүүнү каалабагандыгы начарлатат, анын укук бузууларга тиешелүү сунуштарына жана сунуштамаларына бардык эле органдар толук жана негиздүү жооп берүүнү камсыз кылбайт. Акысыз юридикалык жардамдын алкагында жүргүзүлгөн консультациялардын жана адвокаттардын ишинин сапатын баалоого мүмкүндүк берген укуктук базанын жоктугу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам институтун өнүктүрүүгө жана анын потенциалын "Бизнес жана адам укуктары" темасынын контекстинде пайдаланууга таасирин тийгизүүчү негизги фактор болуп саналат. Кыргыз Республикасында БУУӨПтүн "Ишкердик иш аспектиндеги адам укуктары" (Б+АУ) долбоорунун алкагында Япония өкмөтүнүн колдоосу менен "Кыргызстанда бизнести жоопкерчилик менен жүргүзүү: япониялык компаниялар үчүн контекстти жана алардын берүү чынжырчасын баалоо" аттуу изилдөө жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. Жүргүзүлгөн изилдөө Кыргызстанда иштеген компаниялардын адам укуктары маселелери жана жоопкерчиликтүү бизнес-жүрүм-турум стандарттары жөнүндө маалымдуулук деңгээлинин төмөн экендигин күбөлөндүрөт. Ошол эле учурда экспортко, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууга, инвестицияларды тартууга багытталган, кызматкерлерди кармап калууга жана алардын лоялдуулугун камсыз кылууга кызыкдар компаниялар адам укуктары темасына кызыгууларын билдирүүдө. "Бизнес жана адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын аспектинде мыйзамдарды жана ишкердик иш практикасын талдоо" жөнүндө изилдөө отчету Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын БУУнун адам укуктарынын аспектиндеги ишкердик иштин жетектөөчү принциптеринин жоболоруна жана бул тармактагы эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүдө адамдын эл аралык таанылган укуктарын сактоо практикасын базалык изилдөөгө шайкештигин талдоо боюнча биринчи басылма болуп эсептелет.
3-глава
2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасынын максаттары жана милдеттери
Ушул 2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасынын (мындан ары - Программа) максаты төмөнкүлөргө багытталган мыйзам чыгаруу, уюштуруучулук, маалыматтык жана билим берүү чараларын көрүү болуп саналат:
- ишкердик ишти жүргүзүү процессинде адам укуктарын коргоо;
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу;
- бизнестин европалык жана башка эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анткени адам укуктарын коргоо - туруктуу өнүгүүнүн фундаменталдуу негизи.
Максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталды:
1) бизнес жана адам укуктары жаатындагы мамлекеттик саясаттын макулдашылгандыгын бекемдөөгө көмөк көрсөтүү;
2) корпоративдик чөйрөдө адам укуктарынын сакталышына өбөлгө түзүүчү улуттук дискуссияны жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү. Корпоративдик иштин жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон адам укуктарына потенциалдуу терс таасирлердин алдын алууга көмөк көрсөтүү;
3) жоопкерчиликтүү корпоративдик башкаруунун алкагында адам укуктары боюнча талаптагыдай кам көрүүгө көмөк көрсөтүү;
4) жабырлануучулар үчүн карама-каршылыктарды тынчтык жол менен чечүүгө багытталган кырдаалды оңдоо механизмдерин бекемдөө;
5) 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин аткарууга көмөк көрсөтүү.
Бул максаттарга жетүү үчүн БУУнун жетектөөчү принциптерине киргизилген үч компонентке ылайык уюштурулган, ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнестин, кесиптик бирликтердин, адвокатуранын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалогдун жүрүшүндө алынган сунуштамалардын негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт.
4-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Программанын 3-главасында белгиленген максаттарга жетүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин жана бизнес-ассоциацияларды кошкондо, кызыкдар тараптардын тиешелүү чараларды кабыл алуусун талап кылат. Төмөнкү артыкчылыктуу төрт тармак мамлекет үчүн ушул Программаны ишке ашырууда өзгөчө маанилүү деп эсептелет:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрүнүн арасында бизнес жана адам укуктары жөнүндө түшүнүктү жана маалыматтуулукту илгерилетүүдө саясаттын макулдашылгандыгы, ведомстволор аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
2) ишканалар тарабынан тиешелүү мыйзамдарды жана саясатты түшүнүүнү жана сактоону камсыз кылуу үчүн бизнес жана адам укуктары жөнүндө түшүнүгү жана маалымдуулугу;
3) адам укуктары жаатындагы билим берүүнү жана маалымдуулукту жогорулатуу аракеттери, бүткүл коомдо бизнес жана адам укуктары жаатындагы ишканалардын андан аркы аракеттерин колдоо үчүн зарыл болгон адам укуктары жөнүндө түшүнүктү жана маалымдуулукту илгерилетүү;
4) глобалдашуу жана ишкердик ишти диверсификациялоо шарттарында өзүнүн ички жана глобалдык берүү чынжырчаларында адам укуктарын сактоо.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 307-VII "2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө"…Постановление · 16.06.2022 · № 307-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 857-т (2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү…Распоряжение · 26.12.2024 · № 857-р
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндөЗакон · 31.07.2002 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Медиация жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 161 · Күчүн жоготкон