Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 20 Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылы деп кайра аталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Чимген айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Чымкен айылы деп кайра аталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Голбо айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарынын Алтын-Бешик айылы деп кайра аталсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбике айылы деп кайра аталсын.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Кыргызстандын 50 жылдыгы айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң-Жыгач айылы деп кайра аталсын.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Чапаев айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Арча-Бешик айылы деп кайра аталсын.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Чоко-Бий айылы деп кайра аталсын.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп кайра аталсын.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы деп кайра аталсын.
10-берене. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айып аймагынын Киров айылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кенжебай айылы деп кайра аталсын.
11-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Сатыкей айылы деп кайра аталсын.
12-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Семетей айыл аймагы деп кайра аталсын.
13-берене. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Покровка айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун Семетей айыл аймагынын Семетей айылы деп кайра аталсын.
14-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Бообек айылы деп кайра аталсын.
15-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагы деп кайра аталсын.
16-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынын Военно-Антоновка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагынын Кожомкул айылы деп кайра аталсын.
17-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Кебек-Бий айылы деп кайра аталсын.
18-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 5-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы № 2598-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 05.12.2024 · № 2598-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2383-VII “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана…Постановление · 25.09.2024 · № 2383-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-декабрындагы № 2603-VII “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана…Постановление · 05.12.2024 · № 2603-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын 2024-2025-жылдардагы ишинин Сессиялык Планы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2024-жылдын…План · 10.10.2024 · № 2425-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 2483-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 30.10.2024 · № 2483
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2368-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 25.09.2024 · № 2368-VII
- Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндөЗакон · 22.01.2025