Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 „Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 10 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын ишин регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү…Постановление · 09.08.2023 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122