# Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34/7
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37228/edition/24923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/7 "Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө" токтому (30.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020710

---

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чүй айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын 34-сессиясы

2024-жылдын 30-июлу № 34/7

Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө

2023-жылдын 17-июлу № 140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүмүн аткарууга жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде чыгарылсын.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Б.О. Кыдырбаев
