# Орозбеков айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №9 "Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №9 "Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37220/edition/24913/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №9 "Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому. (23.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020703

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы

2024-жылдын 23-декабры № 9 Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн башчысы З.Н. Максутовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренесинин 1-3-пункутуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндөгү” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин 2024-жылдын чыгыш 24-июлундагы №01-34/453 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

Өндүрүш айылынын Кызыл-Мазар участкасынын №675, 676 контурунан жалпы 25.83 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.

Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында, күндөн кубат алуучу панелдерди орнотуу багытында пайдаланылсын.

Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Мажитовго тапшырылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ы. Ысаковага жана айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Каримов
