# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5459/edition/24830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы (26.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020593

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2025-жылдын 15-январы № 9 Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-1)

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 129 183 671,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 127 708 873,9 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин профицити 1 474 797,6 миң сом суммасында белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-2)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-2027-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-3)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-4)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-5)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2025-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 44 365 639,2 миң сом суммасында белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-6)

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2025-жылга каржылоо 6 304 235,0 миң сом суммасында белгиленсин.

2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2025-жылга каржылоо 984 166,4 миң сом суммасында белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-7)

Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2025-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-8)

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020593/st-9)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 18-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
