Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2025-жылдын 15-январы № 9 Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 129 183 671,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 127 708 873,9 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин профицити 1 474 797,6 миң сом суммасында белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-2027-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2025-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 44 365 639,2 миң сом суммасында белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2025-жылга каржылоо 6 304 235,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2025-жылга каржылоо 984 166,4 миң сом суммасында белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2025-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 18-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабры № 2652-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине…Постановление · 18.12.2024 · № 2652-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2572-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине…Постановление · 27.11.2024 · № 2572-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын 2024-2025-жылдардагы ишинин Сессиялык Планы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2024-жылдын…План · 10.10.2024 · № 2425-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2638-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 18.12.2024 · № 2638-VII
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.01.2026 · № 8
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 "Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын…Указ · 13.10.2025 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 50-VIII "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык…Постановление · 25.12.2025 · № 50-VIII